Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 150 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Кудайды Өзүнүн ыйык жайында мактагыла, Аны Өзүнүн кудуреттүү асманында мактагыла.

2 Аны керемет иштери үчүн мактагыла, Аны чексиз улуулугу үчүн мактагыла.

3 Аны сурнай тартып мактагыла, Аны арфа жана гусли чертип мактагыла.

4 Аны дап кагып, бий бийлеп мактагыла; Аны кыл аспап жана сыбызгы ойноп мактагыла.

5 Аны мукам үндүү жез табак кагып мактагыла, Аны катуу үндүү жез табак кагып мактагыла.

6 Теңирди бардык тирүү жандар макташсын! Теңирди даңктагыла!