Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 84 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Корактын уулдарыныкы. Забур.

2 Теңир! Өз жериңе ырайым кылдың, Жакыпты туткундан бошоттуң.

3 Өз элиңдин мыйзамсыз иштерин кечирдиң, анын бүт күнөөлөрүн жаап салдың.

4 Өз ачууңду тыйдың, катаал каарыңды башка жакка бурдуң.

5 Бизди кайра калыбыбызга келтир, куткаруучу Кудайыбыз, бизге каарданганыңды токтот.

6 Чын эле, Сен бизге түбөлүккө каардана бересиңби, Өзүңдүн каарыңды укумдан-тукумга уланта бересиңби?

7 Өз элиңди Өзүң менен кубантыш үчүн, Сен бизди кайрадан тирилтпей коёсуңбу?

8 Бизге Өз ырайымыңды көрсөт, Теңирим, бизди куткар.

9 Кудай-Теңирдин эмне айтарын угайын. Ал Өз элине, Өзүнүн тандап алгандарына тынчтык берет. Бирок алар кайрадан акылсыздык кылышпаса экен.

10 Кудайдын даңкы биздин жерибизде жашашы үчүн, Андан корккондорго Анын куткаруусу ушунчалык жакын!

11 Ырайым менен чындык жолугушат, адилеттик менен тынчтык өбүшөт.

12 Чындык жерден чыгат, адилеттик асмандан түшөт.

13 Теңир береке берет, ошондо жерибиз өз жемишин берет.

14 Адилеттик Анын алдында барат жана Анын буттарына жол даярдайт.