Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 139 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2 Оо Теңир, мени жаман адамдан куткар, мени кысымга алган адамдан сакта.

3 Алар жүрөгүндө жамандык ойлоп, күн сайын согушууга даяр турушат.

4 Тилдерин жыландай соймоңдотушат, ооздорунда жыландын уусу бар.

5 Оо Теңир, мени кудайсыздын колунан сакта, кысымга алган адамдан сакта, алар мени жыкканы жатышат.

6 Текеберлер мага жашыруун тузак тартып, сыйыртмак салышты, жолума тор жайышты, капкан коюшту.

7 Мен Теңирге мындай дедим: Сен менин Кудайымсың. Менин жалынган үнүмдү ук, Теңирим!

8 Теңир, Теңир, менин куткаруучу күчүм! Согушта Сен башымды калкаладың.

9 Теңир, текеберленбеши үчүн, кудайсыздарды тилегине жеткирбе, алардын жаман ойлорун ишке ашырба.

10 Мени курчагандардын ооздорунан чыккан жамандык өз баштарына тийсин.

11 Аларга чок жаасын. Алар отко ыргытылсын, турбас болуп туңгуюкка ыргытылсын.

12 Тили заар адам жер үстүндө тамыр жайбасын, кысым кылгандын кыянаттыгы өзүн өлүмгө тартып кетсин.

13 Теңир эзилгендерге адил өкүм чыгарарын, жардыларга адилеттик кыларын билем.

14 Адил адамдар Сенин ысымыңды даңкташат, адилет адамдар Сенин алдыңда жашашат.