Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 69 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Эске түшүрүү үчүн.

2 Кудайым, мени куткарууга шашыл; Теңирим, мага жардамга шашыл!

3 Мени өлтүргүсү келгендер шылдың болушсун, уятка калышсын! Мага жамандык каалагандар артка качып, күлкү болушсун!

4 Мени: «Ии-и! Ии-и!» – деп табалагандар уят болуп, мени кордогону үчүн артка кайтышсын.

5 Сени издегендер, куткарууңду сүйгөндөр кубанып, шаттанып: «Кудай улуу!» – деп, дайыма айтышсын.

6 Мен болсо жардымын жана жакырмын. Кудай, мага шашыл! Сен менин жардам берүүчүмсүң, куткаруучумсуң. Оо Теңир! Кечиктирбей кел!