Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 99 Бөлүм

тез өтүү:

1 Мактоо забуру. Бүт жер жүзү, Теңирди даңктап ырда!

2 Теңирге кубаныч менен кызмат кылгыла. Анын алдына ыр менен баргыла!

3 Теңирдин Кудай экенин, Ал бизди жаратканын, биз Аныкы экенибизди, Анын эли жана Анын жайытындагы койлору экенибизди таанып билгиле.

4 Анын дарбазаларына даңктоо сөздөр менен, Анын короолоруна мактоо сөздөр менен киргиле. Аны даңктагыла, Анын ысымын даңазалагыла.

5 Анткени Теңир жакшы, Анын ырайымы түбөлүктүү, Анын адилеттиги кылымдан кылымга өкүм сүрөт.