Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 124 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңирге таянган адам Сион тоосу сыяктуу ордунан жылбайт, түбөлүк турат.

2 Тоолор Иерусалимди курчап турат, Теңир болсо Өз элин азыр жана түбөлүк курчап турат.

3 Адил адамдардын колдору мыйзамсыз ишке барбашы үчүн, Теңир алардын тагдырына кудайсыздардын үстөмдүк кылуусуна жол бербейт.

4 Ак ниеттерге жана жүрөгү тазаларга жакшылык кыл, Теңирим.

5 Өздөрүнүн түз эмес жолдоруна азгырылгандарды болсо Теңир мыйзамсыз иш кылгандар менен калтырсын. Ысрайылга тынчтык болсун!