Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 127 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Теңирден корккон, Анын жолдору менен жүргөн ар бир адам бактылуу!

2 Сен өз колуңдун эмгегинен жейсиң. Сен бактылуусуң, сага жакшы болсун!

3 Аялың үйүңдө мөмөлүү жүзүмдөй. Дасторконуңдун тегерегинде отурган уулдарың зайтун дарагынын бутактарындай.

4 Теңирден корккон адам мына ушундай бата алат!

5 Теңир сага Сиондон батасын берет, сен өмүрүңдүн аягына чейин Иерусалимдин жыргал турмушун көрөсүң.

6 Уулдарыңдын уулдарын көрөсүң. Ысрайылга тынчтык болсун!