Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Кыл аспаптар менен. Дөөттүн забуру.

2 Мен чакырганда, үнүмдү ук, мени актоочу Кудай! Кысталыштарда Сен мага эркиндик берип тургансың. Мага ырайым кыл, сыйынуумду ук.

3 Адам балдары! Качанга чейин менин даңкым шылдың боло берет? Качанга чейин убаракерчиликти сүйө бересиңер? Качанга чейин жалганды издей бересиңер?

4 Теңир Өзү үчүн Өзүнүн ыйыгын бөлүп койгонун билип койгула. Мен Теңирди чакырганда, Ал мени угат.

5 Ачууланганыңарда күнөө кетирбегиле: төшөктө жатканыңарда ойлонуп сабыр кылгыла.

6 Чындык курмандыгын чалгыла, Теңирге таянгыла.

7 Көп адамдар: «Бизге ким жакшылык кылат?» – дешет. Теңир, бизге Өз жүзүңдүн жарыгын көрсөт.

8 Алардын жээр наны, ичээр шарабы арбыган мезгилден бери Сен менин жүрөгүмдү кубанычка бөлөдүң.

9 Мен тынч жатып, тынч уктайм, анткени мага коопсуз жашоо берген бир Өзүңсүң, Теңир.