Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 9 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Лабендин өлүмү боюнча. Дөөттүн забуру.

2 Сени, Теңир, бүт жүрөгүм менен даңктайм, Сенин бүт кереметтериңди жарыялайм.

3 Сен жөнүндө ойлоп кубанам, салтанат курам. Кудуреттүү Кудай, ысымыңды даңктап ырдайм.

4 Менин душмандарым артка качканда, мүдүрүлүп жыгылып, Сенин алдыңда өлүшөт.

5 Анткени Сен мага адилеттик кылдың, кыйынчылыктан чыгардың. Адилет Сот, Сен тактыга отурдуң.

6 Бутпарас элдерге каардандың, кудайсыздарды өлтүрдүң, алардын атын түбөлүккө өчүрүп салдың.

7 Душмандын куралы таптакыр калбай калды, алардын шаарларын талкаладың, алардын аты өздөрү менен кошо өчтү.

8 Бирок Теңир Өз тактысына түбөлүк отурат. Сот жүргүзүү үчүн, Ал Өз тагын даярдады.

9 Ал ааламды адилет соттойт, элдерди туура соттойт.

10 Теңир эзилген адамга баш паана, кайгы учурунда таяныч болот.

11 Сенин ысымыңды билгендер Сага таянышат, анткени Сени издегендерди талаага таштабайсың, Теңир.

12 Сион тоосунда жашаган Теңирди мактап ырдагыла, Анын иштерин эл арасында жарыя кылгыла.

13 Анткени Ал төгүлгөн кан үчүн жазалайт, кан төккөндөрдү жазасыз калтырбайт, эзилгендердин ыйын эсинен чыгарбайт.

14 Мага ырайым кыл, Теңир. Жек көргөндөрдөн тарткан азабыма көз сал, мени өлүмдөн сактоочу бир Өзүңсүң.

15 Сени Сион кызынын дарбазаларынын алдында даңазалайм. Мени куткарганыңа кубанам.

16 Мага көр казган эл өз көрүнө өзү түштү. Өздөрү жайган торго өздөрү чалынып калышты.

17 Теңир Өзүнүн жүзөгө ашырган соту менен таанылды, кудайсыз адам өз колу менен кылган кылмышы үчүн кармалды.

18 Кудайсыздар, Кудайды унуткан элдердин баары өлгөндөр жаткан жайга түшүшсүн.

19 Анткени жакыр биротоло унутулбайт, жардынын үмүтү биротоло үзүлбөйт.

20 Теңир, ордуңан тур, адамдар үстөмдүк кылышпасын, бутпарас эл Сенин алдыңда жазалансын.

21 Теңир, аларга коркунуч жибер, элдер өздөрүнүн адам экенин билишсин.

22 Теңир, эмне үчүн алыс турасың, кайгы учурунда эмне үчүн Өзүңдү жашырасың?

23 Кудайсыз өзүнүн текебердиги менен жардыны куугунтуктап жатат. Алар өздөрүнүн ойлоп чыгарган айла-амалдары менен колго түшүшсүн.

24 Кудайсыз өз кумары менен мактанат. Мансапкор өзүн өзү урматтайт.

25 Кудайсыз өзүнүн менменсингендиги менен Теңирди тоотпой жатат. «Ал жазалабайт», – деп ойлойт. Ал дайыма: «Кудай жок!» – деп ойлойт.

26 Кайсы учурда болбосун, анын жолунда өлүм турат. Ал Сенин мыйзамдарыңдан алыс. Бардык душмандарын ал текебердене карайт.

27 Ал өз ичинен: «Мен эч качан мүдүрүлбөйм, эч качан башыма жамандык келбейт», – дейт.

28 Анын оозу каргышка, бузукулукка, калпка толгон. Анын тилинде кыйноо жана кыйроо бар.

29 Короонун сыртындагы буктурмада отурат, айыпсызды жашыруун жерлерде өлтүрөт, анын көздөрү жардылардын артынан аңдып жүрөт.

30 Үңкүрдө аңдып жаткан арстандай болуп, жашыруун жерде аңдып жатат. Жардыны кармап алыш үчүн, буктурмада отурат. Жардыны торуна түшүрүп кармап алат.

31 Эңкейип жата калат, ошондо жардылар анын курч тырмактарына чалынат.

32 Өз ичинен: «Кудай эсинен чыгарды, Өз жүзүн жаап алды, Ал эч качан көрбөйт», – дейт.

33 Ордуңан тур, Теңирим, Кудайым, колуңду жогору көтөр, эзилгендерди унутпа.

34 Эмне үчүн кудайсыз адам Кудайды тоотпой, өз ичинен: «Ал жазалабайт», – дейт?

35 Өзүң көрүп турасың, анткени Сен Өз колуң менен жазасын бериш үчүн, ыза кылгандар менен куугунтукка алгандарды карап турасың. Жарды өзүн Сага тапшырат. Жетимге Өзүң гана жардам кыласың.

36 Кудайсыз менен зулумдун күчүн талкала, анын мыйзамсыздыгын издеп таппай калышсын.

37 Теңир – түбөлүктүү падыша. Анын жеринен бутпарастар жок болушат.

38 Теңир! Момундардын тилеген тилегин угасың. Алардын жүрөгүн бекемде, аларга кулак сал.

39 Жетим менен эзилгенге болуш, мындан ары жер жүзүндө адам баласы зулумдук кылбасын.