Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 92 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир падышачылык кылып жатат, Ал улуулукту кийим кылып кийген. Теңирди кудурет курчап турат, Ал күч менен курчанган. Ошондуктан аалам бекем турат, козголбойт.

2 Сенин тактың адегенде эле орнотулган. Сен түбөлүктүүсүң.

3 Теңирим, дарыялар ашып-ташып жатат, дарыялар өз добушун көтөрүп жатышат, дарыялар өз толкундарын көтөрүп жатышат.

4 Бирок асмандагы Теңир көптөгөн суулардын добушунан да, деңиздердин күчтүү толкундарынан да күчтүү!

5 Сенин күбөлөндүрүүлөрүң туптуура. Теңирим, Сенин үйүңө түбөлүк ыйыктык таандык.