Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 62 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн Жүйүт чөлүндө жүргөндөгү забуру.

2 Кудай! Сен менин Кудайымсың, Сени таң сүргөндөн баштап эле издей баштайм. Менин жаным Сени эңсейт, какшыган, суусуз ээн жерде денем Сени көксөйт.

3 Сенин күчүң менен даңкыңды көрүү үчүн, мен Сени ыйык жайда карадым.

4 Анткени өмүргө караганда Сенин ырайымың артык, оозум Сени даңктайт.

5 Сени өмүрүм өткөнчө ушинтип мактайм. Сенин ысымың үчүн колумду жогору көтөрөм.

6 Төшөгүмдө жатып Сени эстегенде, түн ичинде Сен жөнүндө ойлогондо,

7 менин жаным майга жана зайтун майына тойгонсуп, оозум Сени кубанычтуу үн менен даңктайт.

8 Анткени Сен менин жардам берүүчүмсүң, мен Сенин канатыңдын далдасында шаттанам.

9 Жаным Сага байланды. Сенин оң колуң мени колдоп турат.

10 Ал эми мени өлтүргүсү келгендер өлгөндөр жаткан жайга түшүшөт.

11 Аларды кылычтап өлтүрүшөт, алар чөөлөргө жем болушат.

12 Падыша болсо Кудайдан кубаныч алат, Кудай менен ант бергендер даңкталышат, анткени жалган сүйлөгөндөрдүн жаагы жап болот.