Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 142 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн забуру. Теңир! Менин сыйынуумду ук, Өз ишенимдүүлүгүң боюнча менин жалынуума кулак сал, мага Өз адилеттигиң менен жооп бер.

2 Өз кулуң менен соттошпо, анткени Сенин алдыңда бир да тирүү жан актала албайт.

3 Душман мени аңдып жүрөт, өмүрүмдү жерге тепсеп, небак өлгөн кишидей караңгылыкта жашоого мажбур кылды.

4 Ошондо ындыным өчүп калды, жүрөгүм сенейип катып калды.

5 Байыркы күндөрдү эстеп, Сенин бардык иштериң жөнүндө ойлоном, колуңдун иштери жөнүндө ой жүгүртөм.

6 Сага колумду сунам; сууга чаңкаган жердей болуп, жаным Сага тартылат.

7 Мени тезирээк ук, Теңирим, рухум алсырап бара жатат. Менден жүзүңдү жашырба, көрдө жаткандарга окшоп калбайын.

8 Сенин ырайымыңды эртерээк угайын, анткени мен Сага таянам. Мага жүрө турган жолумду көрсөт, анткени жанымды Сенин алдыңа алып келем.

9 Теңирим, мени душмандарымдан куткар, Сага корголойм.

10 Мага Өзүңдүн эркиңди аткарууну үйрөт, анткени Сен менин Кудайымсың. Сенин жакшы Рухуң мени чындык өкүм сүргөн жерге алып барсын.

11 Теңирим, мени Өз ысымың үчүн тирилт, Өз чындыгың үчүн жанымды мүшкүлдөн куткар.

12 Өз ырайымың менен душмандарымды жок кыл, жанымды жабыр тарттыргандардын баарын жок кыл, анткени мен Сенин кулуңмун.