Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 40 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2 Бей-бечараны ойлогон адам бактылуу! Кыйынчылык күнү аны Теңир куткарат.

3 Теңир аны коргоп, өмүрүн сактап калат. Жер үстүндө ал бактылуу болот. Теңир, Сен аны душмандын колуна салып бербейсиң.

4 Ал ооруп жатканда, Теңир ага күч берет. Сен аны төшөгүнөн тургузасың, дартынан арылтасың.

5 «Теңир! Мага ырайым кыл, жанымды сакайт, анткени мен Сенин алдыңда күнөө кылдым», – дедим.

6 Душмандарым мен жөнүндө «Ал качан өлөт? Анын ысымы качан өчөт?» деген жаман сөздөрдү айтышат.

7 Мени көргөнү келген адам жалган сүйлөйт. Жүрөгүнөн жалганды ойлоп чыгарат да, сыртка чыгары менен элге жаят.

8 Мени жек көргөндөрдүн бардыгы мага каршы чыгып, өз ара шыбырашып, мага жамандык ойлошот:

9 «Ал айыкпас дартка чалдыкты. Ал жыгылды, эми турбайт».

10 Атүгүл, мени менен тынчтыкта болгон, мен ишенип жүргөн, менин нанымды жеген адам мага согончогун көтөрдү.

11 Сен болсо, Теңир, мага ырайым кыл, мени тургуз, мен алардын жазасын берем.

12 Эгерде душманым мага үстөмдүк кыла албаса, ошондон Сенин мага ырайым кылганыңды билем.

13 Мени болсо аман сактап, Өзүңдүн алдыңа түбөлүк тургузасың.

14 Теңир, Ысрайыл Кудайы кылымдан кылымга даңкталсын! Оомийин, оомийин!