Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 111 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла. Теңирден корккон жана Анын осуяттарын чын жүрөктөн сүйгөн адам бактылуу.

2 Анын тукуму жер үстүндө күчтүү болот. Адил адамдардын тукуму Кудайдын батасын алат.

3 Анын үйүндө молчулук жана байлык болот, анын адилеттиги түбөлүктүү.

4 Караңгыда адил адамдар үчүн жарык көрүнөт, анткени Ал ырайымдуу, боорукер жана адилет.

5 Жакшы адам ырайым кылып, карыз берет. Ал өз иштерин адилеттик менен жүргүзөт.

6 Ал эч качан мүдүрүлбөйт, адил адам эч качан унутулбайт.

7 Ал жаман сөздөн коркпойт, Теңирге таянгандыктан, анын жүрөгү бекем.

8 Анын жүрөгү туруктуу. Ал душмандарын көргөндө, коркуп кетпейт.

9 Ал өзүнүн мал-мүлкүн жакырларга марттык менен таратып берди. Анын адилеттиги түбөлүктүү, анын мүйүзү даңк менен көккө көтөрүлөт.

10 Кудайсыз адам муну көрүп ачууланат, тиштерин кычыратып, өзүнөн өзү жок болот. Кудайсыздардын тилеги орундалбайт.