Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 120 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Мен тоо тарапка көз чаптырам, мага жардам кайдан келет?

2 Жардам мага асман-жерди жараткан Теңирден келет.

3 Ал сенин бутуңдун мүдүрүлүүсүнө жол бербейт, сени Сактоочу үргүлөбөйт.

4 Ысрайылды Сактоочу үргүлөбөйт да уктабайт.

5 Теңир сенин Сактоочуң; Теңир сенин оң жагыңдагы далдаа.

6 Күндүзү күн, түнкүсүн ай сага зыян келтирбейт.

7 Теңир сени ар кандай жамандыктан коргойт, сенин жаныңды Теңир сактайт.

8 Теңир азыр жана түбөлүккө сени чыкканыңда да, киргениңде да сактайт.