Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 34 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн забуру. Теңир, мени менен күрөшкөндөр менен күрөш, мени менен согушкандар менен согуш.

2 Калкан, соот алып, мага жардамга кел.

3 Кылычыңды кынынан сууруп, мени кууп келе жаткандардын жолун торо. Менин жаныма: «Сенин куткаруучуң Менмин!» – деп айт.

4 Мени өлтүргүсү келгендер уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага жамандык каалагандар артына качып, абийири төгүлсүн.

5 Алар шамал сапырган самандай болушсун, Теңирдин периштеси аларды кууп жиберсин.

6 Алардын жолу караңгы жана тайгак болсун, Теңирдин периштеси аларды куугунтуктасын.

7 Анткени алар мага себепсиз ор казышкан, тор жайышкан. Менин айыпсыз жаным үчүн көр казышкан.

8 Ага күтүлбөгөн өлүм келсин, мага жашыруун жайган торуна өзү түшсүн, торуна өзү түшүп өлсүн.

9 Ал эми менин жаным Теңир менен кубанат, Анын куткарганына шаттанат.

10 Менин бүт сөөктөрүм: «Теңир! Күчсүздү күчтүүдөн сактаган, жарды менен жакырды каракчыдан куткарган Сендей ким бар?» – дейт.

11 Жалган күбөлөр мага каршы чыгышты: мен билбегендерди сурап, суракка алышты.

12 Жакшылыгым үчүн алар мага жамандык кылып, жанымды жалгызсыратышты.

13 Мен алар ооруп жатканда, зумбал кийип, өз жанымды орозо кармап кыйнадым, башымды көтөрбөй, кайра-кайра сыйындым.

14 Аларга досумдай, бир тууганымдай мамиле кылдым. Энесине аза күткөн адамдай, кайгыга батып, башымды шылкыйтып жүрдүм.

15 А мен мүдүрүлүп кеткенде, алар кубанып, топтошо калышты; мени тилдегендер мага каршы чогулушту, мени эмне үчүн токтоосуз кордоп жатышканын билбейм.

16 Алар эки жүздүүлөнүп, мени шылдыңдап, тиштерин кычыратышты.

17 Теңир! Муну качанга чейин карап тура бересиң? Жанымды алардын кыянаттыгынан куткар, жалгыз жанымды арстандардын азуусунан куткар.

18 Мен Сени чоң жыйында даңктайм, өтө көп элдин ортосунда даңазалайм.

19 Мага себепсиз кас болуп жүргөндөр мени табалап карап турушпасын, мени айыпсыз жек көргөндөр табалап, бири-бирине көз кысышпасын.

20 Анткени алар тынчтык жөнүндө сүйлөшүп жатышкан жок, тескерисинче, жерде тынч жашагандарга жамандык кылууну ойлонуштуруп жатышат.

21 Мени карап алып: «Ии-и! Ии-и! Өз көзүбүз менен көрүп жатабыз!» – деп табалап жатышат.

22 Сен муну көрдүң, Теңир, унчукпай койбо. Менден алыстаба, Теңир.

23 Кудайым, Теңирим, ордуңан тур, мени актоо үчүн, мени коргоо үчүн ойгон!

24 Мени Өзүңдүн акыйкаттыгың менен акта, Теңирим, Кудайым, алар мени табалашпасын.

25 Өз ичтеринен: «Ырас болду! Табабыз канды!» – дешпесин. «Биз аны жуттук», – дешпесин.

26 Башыма кыйынчылык түшкөнүнө табасы канып кубангандар уятка калышсын, шылдың болушсун. Мага менменсингендердин абийири төгүлсүн, уят болушсун.

27 Менин акталышымды каалагандар кубанып, салтанат куруп, тынбай: «Өз кулуна тынчтык каалаган Теңир даңазалансын!» – дешсин.

28 Менин тилим Сенин чындыгыңды жар салып, ар күнү Сени даңазалайт.