- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
- 67
- 68
- 69
- 70
- 71
- 72
- 73
- 74
- 75
- 76
- 77
- 78
- 79
- 80
- 81
- 82
- 83
- 84
- 85
- 86
- 87
- 88
- 89
- 90
- 91
- 92
- 93
- 94
- 95
- 96
- 97
- 98
- 99
- 100
- 101
- 102
- 103
- 104
- 105
- 106
- 107
- 108
- 109
- 110
- 111
- 112
- 113
- 114
- 115
- 116
- 117
- 118
- 119
- 120
- 121
- 122
- 123
- 124
- 125
- 126
- 127
- 128
- 129
- 130
- 131
- 132
- 133
- 134
- 135
- 136
- 137
- 138
- 139
- 140
- 141
- 142
- 143
- 144
- 145
- 146
- 147
- 148
- 149
- 150
1 Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру. Ыр.
2 Кудай ордунан турсун, Анын душмандары чабылып-чачылсын, Аны жек көргөндөр Анын жүзүнөн качсын!
3 Аларды түтүн тарагандай тарат. Кудайсыздар Сенин жүзүңөн отто эриген момдой эрип жок болушсун.
4 Ал эми адил адамдар Кудай алдында шаттыкка бөлөнүшсүн, жеңишке жетип кубанышсын.
5 Биздин Кудайга ырдагыла, Анын ысымын мактап ырдагыла, асмандан салтанат менен Келе Жатканды даңктагыла! Анын ысымы: Жахаба. Анын алдында шаттангыла!
6 Өзүнүн ыйык жайындагы Кудай – жетимдердин Атасы, жесирлердин коргоочусу.
7 Кудай жалгыздарды үйгө киргизет, туткундарды кишенден бошотот, ал эми баш ийбегендер ысык чөлдө калат.
8 Кудайым! Сен Өз элиңдин алдына чыкканда, Сен чөлдө салтанат менен бара жатканда,
9 жер титиреген, ал тургай, Сенин жүзүңдөн асман эриген, мына бул Синай тоосу да Ысрайыл Кудайы болгон Сенин жүзүңдөн эриген.
10 Оо Кудай, Сен Өз мурасыңа жамгырды мол жаадыргансың, ал жумуштан алсыраганда, Өзүң күч берип тургансың.
11 Сенин элиң ал жерде жашаган. Кудайым, Сен Өз ырайымың менен жардыга керектүүсүн берип тургансың.
12 Теңир сөз айтат, аны көп адамдар жар салат.
13 Кошуундардын падышалары качып бара жатышат, ал эми үйдө отурган аял олжону бөлүп жатат.
14 Өз үлүшүңөргө тийген жерлерге отурукташып, канаты күмүш, жүндөрү таза алтын көгүчкөнгө окшоп калдыңар.
15 Кудуреттүү Кудай бул жерге падышаларды чачып жибергенде, жер Салмон тоолорундагы кардай агарды.
16 Кудайдын тоосу – Башан тоосу! Бийик тоо – Башан тоосу!
17 Бийик тоолор, Кудай Өзү жашагысы келген, Теңир Өзү түбөлүк жашай турган тоого эмне үчүн көз артып жатасыңар?
18 Кудайдын арабалары миң-миңдеп саналат, сан жеткис. Теңир алардын арасында, Синайдагы ыйык жайда.
19 Сен бийиктикке чыктың, туткундоону туткундадың, адамдардын арасында тартууларды алдың. Кудай-Теңирге каршы чыккандар да Ага табынышат.
20 Ар күнү Теңир даңкталсын. Кудай биздин башыбызга кыйынчылык салат, бирок кайра эле Өзү куткарат.
21 Кудай биз үчүн – куткаруучу Кудай, өлүм күчтөрү бардыгын кармап туруучу Теңирдин бийлигинде.
22 Бирок Кудай Өз душмандарынын башын талкалайт, мыйзамсыз иш кылууну адат кылып алган адамдардын чачтуу төбөсүн талкалайт.
23 Теңир мындай деди: «Мен аларды Башан тоосунан кайра алып келем, деңиз түбүнөн кайра чыгарып алам.
24 Сен бутуңду душмандарыңдын канына маласың, иттериң алардын канын жалашат».
25 Кудайым, алар Сенин салтанат менен келе жатканыңды, алар менин Кудайымдын, Падышамдын ыйык жайга салтанат менен келе жатканын көрүшкөн.
26 Алды жакта ырдагандар, арт жакта ар кандай аспап черткендер, ал эми ортодо кыздар дап кагып келе жатышты:
27 «Ысрайыл уруусунан тарагандар, жыйындарда Кудай-Теңирди даңктагыла!»
28 Ал жерде кенже Бенжемин – алардын төрөсү. Жүйүт төрөлөрү, Забулун төрөлөрү, Напталы төрөлөрү – алардын өкүмдарлары.
29 Сенин Кудайың сага күч берди. Кудайым, Сен биз үчүн эмне кылсаң, ошону бекемде!
30 Сенин Иерусалимдеги ийбадатканаң үчүн падышалар Сага тартууларды алып келишет.
31 Камыштын арасында жашаган жырткычты, элдин букачарларынын арасында куйма күмүштөрү менен мактанган өгүздөрдү баш ийдир. Согушту каалаган элдерди чачыратып жибер.
32 Мисирден мырзалар келишет. Эфиопия колдорун Кудайга созот.
33 Жердеги падышачылыктар! Кудайга ырдагыла, Теңирди даңктап ырдагыла.
34 Асмандын асманында кылымдан кылымга салтанат менен жүргөн Кудайды даңктагыла! Мына, Ал Өз үнүн катуу чыгарып жатат.
35 Кудайды даңктагыла! Анын улуулугу Ысрайылдын үстүндө, Анын кудуреттүүлүгү булуттардын үстүндө.
36 Кудайым, Сен Өзүңдүн ыйык жайыңда коркунучтуусуң. Ысрайыл Кудайы – Ал Өз элине күч-кубат берет. Кудайга даңк!
- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
- 51
- 52
- 53
- 54
- 55
- 56
- 57
- 58
- 59
- 60
- 61
- 62
- 63
- 64
- 65
- 66
- 67
- 68
- 69
- 70
- 71
- 72
- 73
- 74
- 75
- 76
- 77
- 78
- 79
- 80
- 81
- 82
- 83
- 84
- 85
- 86
- 87
- 88
- 89
- 90
- 91
- 92
- 93
- 94
- 95
- 96
- 97
- 98
- 99
- 100
- 101
- 102
- 103
- 104
- 105
- 106
- 107
- 108
- 109
- 110
- 111
- 112
- 113
- 114
- 115
- 116
- 117
- 118
- 119
- 120
- 121
- 122
- 123
- 124
- 125
- 126
- 127
- 128
- 129
- 130
- 131
- 132
- 133
- 134
- 135
- 136
- 137
- 138
- 139
- 140
- 141
- 142
- 143
- 144
- 145
- 146
- 147
- 148
- 149
- 150