Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 79 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ырчылар тобунун башчысына. Шошаним-Эдут күү аспабы менен. Асаптын забуру.

2 Ысрайылдын Кайтаруучусу, кулак сал! Жусупту койдой кайтарып жүргөн, керуптардын үстүндө отурган Өзүңдү көрсөт.

3 Эпрайымдын, Бенжеминдин жана Менашенин алдында Өз күчүңдү көрсөт, бизди куткарууга кел.

4 Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

5 Теңир, Себайот Кудай! Качанга чейин Өз элиңдин сыйынууларына каардана бересиң?

6 Сен аларды нандын ордуна көз жашка тойгуздуң, аларды көп өлчөмдөгү көз жашка тойгуздуң.

7 Сен бизди коңшуларыбызга сөз кылып койдуң, бизди душмандарыбыз кордоп жатышат.

8 Себайот Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!

9 Мисирден жүзүм сабагын көчүрүп келдиң, элдерди кууп чыгып, аны отургуздуң.

10 Жүзүм үчүн орун тазалап, анын тамырларын бек орноттуң, ал бүт жерге жайылды.

11 Тоолор анын көлөкөсүндө калды, анын бутактары Кудайдын кедр жыгачындай жайылды.

12 Жүзүм өзүнүн бутактарын деңизге чейин жайды, жаш бутактары дарыяга жетти.

13 Эмне үчүн Сен анын дубалдарын ураттың? Жолдо өтүп бара жаткандардын баары жүзүмдөн үзүп жатышат.

14 Токойдогу камандар түбүн казып, талаадагы жырткычтар талап жеп жатышат.

15 Себайот Кудай! Бизге кайрылып кел, бизди асмандан кара, бизди көр, бул жүзүмзарга кел.

16 Өзүңдүн оң колуң отургузганды, Өзүң үчүн өстүргөн жаш бутактарды сакта.

17 Ал өрттөнүп, кыйылып бүткөн. Алар Өзүңдүн каарыңдан өлүп жатышат.

18 Сенин колуң Өзүң үчүн бекемдеген адам баласынын үстүндө, Өзүңдүн оң колуң тарапта отурган адамдын үстүндө болсун.

19 Ошондо биз Сенден баш тартпайбыз. Бизди тирилт, ошондо биз Сенин ысымыңды чакырабыз.

20 Теңир, Себайот Кудай! Бизди кайра калыбыбызга келтир. Сенин жүзүң жаркырасын, ошондо биз куткарылабыз!