Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 86 Бөлүм

тез өтүү:

1 Корактын уулдарыныкы. Забур. Ыр.

2 Иерусалимдин негизи ыйык тоолордо. Теңир Сион дарбазаларын Жакыптын башка бардык шаарларынан жакшы көрөт.

3 Кудайдын шаары, сен жөнүндө жакшы сөздөр айтылып жатат!

4 Мени билген Раап менен Бабыл жөнүндө эскерте кетейин. Пелиштиликтер, тирликтер, эфиопиялыктар: «Бул адам ошол шаарда төрөлгөн», – дешет.

5 Сион жөнүндө болсо: «Бул шаарда баланча деген киши төрөлгөн, аны Бардыгынан Жогору Турган Өзү бекемдеген», – дешет.

6 Теңир элдерди каттаганда: «Бул шаарда баланча деген киши төрөлгөн», – деп жазат.

7 Ырдагандар да, күү аспапта ойногондор да: «Менин бардык башаттарым Сенде», – дешет.