Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 106 Бөлүм

тез өтүү:

1 «Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү!»

2 Душмандын колунан Теңир Өзү куткарып алгандар ушинтип айтышсын.

3 Кудай аларды чыгыш менен батыштагы, түндүк менен түштүктөгү өлкөлөрдөн чогултту.

4 Алар чөлдө, эл жүрбөгөн жолдо адашып жүрүштү, эл отурукташкан шаар таба алышпады.

5 Ачка болушту, суусашты, алардын жаны алсырады.

6 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

7 Аларды эл отурукташкан шаарга жеткириш үчүн, түз жол менен алып барды.

8 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

9 Анткени Ал суусагандын суусунун кандырды, ачка болгонду жакшылыкка тойгузду.

10 Алар азап чегип, темир менен кишенделип, караңгыда, өлүм көлөкөсүндө отурушту.

11 Анткени алар Кудайдын сөздөрүнө моюн сунбай коюшту, Бардыгынан Жогору Тургандын чечимдерин четке кагышты.

12 Теңир алардын жүрөгүн оор жумуш менен моюн сундурду; алар мүдүрүлүп жыгылганда, жардам берер эч ким болгон жок.

13 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

14 Теңир аларды караңгылыктан жана өлүм көлөкөсүнөн куткарды, аларды байлаган кишендерди талкалады.

15 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

16 Анткени Ал жез дарбазаларды талкалады, темир торлорду сындырды.

17 Акылы жоктор өздөрүнүн мыйзамсыз жолдору үчүн, жалган иштери үчүн азап тартышты.

18 Алардын жаны ар кандай тамакты танды, алар өлүм дарбазасына жакындап калышкан.

19 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

20 Ал Өз Сөзүн жиберип, аларды айыктырды, аларды өздөрүнүн көрүнөн куткарды.

21 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

22 Ага мактоо курмандыгын арнагыла, Анын кылган иштерин ыр менен жар салгыла!

23 Кеме менен деңизге чыккандар, чоң сууларда иш жүргүзгөндөр

24 Теңирдин иштерин жана кереметтерин деңиздин тереңинен көрүшөт:

25 Ал сүйлөгөндө катуу шамал болуп, анын толкундарын бийик көтөрөт.

26 Алар асманга чейин көтөрүлүп, деңиздин түбүнө түшөт. Баштарына кыйынчылык түшкөндө, алардын жаны кыйналат.

27 Алар мас кишидей теңселип, темтеңдешет, ошондо алардын бүт акылмандыгы жоголот.

28 Алар кыйналганда, Теңирди чакырышты, ошондо Теңир аларды кыйынчылыктарынан куткарды.

29 Ал бороонду тынчтандырат, ошондо толкундар басылат.

30 Ошондо алар толкундун басылганына кубанышат, Теңир аларды өздөрү каалаган кеме токтоочу жерге жеткирет.

31 Теңирди ырайымы үчүн, адам баласына көрсөткөн керемет иштери үчүн даңкташсын!

32 Аны элдердин жыйынында даңазалашсын, Аны аксакалдар жыйынында даңкташсын!

33 Ал дарыяларды чөлгө айландырат, суу башаттарын кургактыкка айландырат.

34 Тургундарынын мыйзамсыздыгы үчүн түшүмдүү жерди шор жерге айландырат.

35 Ал чөлдү көлгө айландырат, какшыган жерди суу башаттарына айландырат.

36 Ал жерге ач-жылаңачтарды отурукташтырат, алар ал жерге шаар куруп жашашат.

37 Талааларга эгин айдашат, жүзүмзар отургузушат, жүзүмзарлар аларга мол түшүм берет.

38 Кудай аларга батасын берет, ошондо алар сан жеткис болуп көбөйүшөт, алардын малы да азайбайт.

39 Алар азайышты; алар эзүүдөн, кыйынчылыктардан, кайгыдан кырылышты.

40 Ал төрөлөрдү уятка калтырып, аларды жолдору жок чөлдө адаштырып таштайт.

41 Жакырды болсо кыйынчылыктан куткарат, анын укум-тукумун короо-короо койлордой көбөйтөт.

42 Адил адамдар муну көрүп кубанышат, ал эми кудайсыздар ооздорун басышат.

43 Ким акылдуу болсо, ал муну байкайт жана Теңирдин ырайымын түшүнөт.