Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 117 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.

2 Ысрайыл тукуму: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – десин.

3 Арундун тукуму: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – десин.

4 Теңирден корккондор: «Анын ырайымы түбөлүктүү», – дешсин.

5 Кысталышта калганда, Теңирди чакырдым, Ал угуп, мени кенен жерге алып чыкты.

6 Теңир мени менен, мен коркпойм: адам мага эмне кыла алат?

7 Теңир менин жардам берүүчүм: душмандарымды жалтанбай карайм.

8 Адамдан үмүттөнгөндөн көрө, Теңирге таянган жакшы.

9 Төрөлөрдөн үмүттөнгөндөн көрө, Теңирге таянган жакшы.

10 Бардык элдер мени курчап алышты, бирок мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.

11 Мени тегеректеп курчап алышты, бирок мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.

12 Алар мени аарыдай курчап алышты, бирок алар тикенек күйүп өчкөндөй өчүштү, мен аларды Теңирдин ысымы менен талкаладым.

13 Алар мени жыгыш үчүн катуу түртүштү, бирок Теңир мага жардам берди.

14 Теңир менин күчүм жана ырым. Ал менин куткарылуум болуп калды.

15 Куткарылуунун жана кубанычтын үнү адил адамдардын үйүндө: Теңирдин оң колу күчүн көрсөттү.

16 Теңирдин оң колу бийик, Теңирдин оң колу күчүн көрсөттү.

17 Мен өлбөйм, жашай берем, Теңирдин иштерин жарыя кыла берем.

18 Теңир мени катуу жазалады, бирок өлүмгө кыйган жок.

19 Мага чындыктын дарбазаларын ачкыла. Мен алар аркылуу кирип, Теңирди даңктайм.

20 Бул дарбазалар Теңирдики. Адил адамдар алар аркылуу киришет.

21 Мени угуп куткарганың үчүн, Сени даңктайм.

22 Куруучулар жаратпай койгон таш бурчтун негизи болуп калды.

23 Бул Теңирден, бул биз үчүн таң каларлык.

24 Бул күндү Кудай жараткан: бул күнү кубаналы, көңүлүбүздү көтөрөлү!

25 Оо Теңир, куткара көр! Оо Теңир, бизге ийгилик бере көр!

26 Теңирдин атынан келе жаткан бактылуу! Силерге Теңирдин үйүнөн бата беребиз.

27 Кудай – Теңир, Ал бизге жарыгын чачты. Курмандыкты курмандык чалынуучу жайдын мүйүзүнө байлагыла.

28 Сен менин Кудайымсың, мен Сени даңктайм. Сен менин Кудайымсың, мен Сени даңазалайм.

29 Теңирди даңктагыла, анткени Ал жакшы, анткени Анын ырайымы түбөлүктүү.