Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 137 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүкү. Мен Сени бүт жүрөгүм менен даңктайм, кудайлардын алдында Сага ырдайм.

2 Ыйык ийбадатканаңдын алдында башымды ием, ырайымың үчүн, чындыгың үчүн Сенин ысымыңды даңктайм, анткени Сен Өз сөзүңдү Өзүңдүн бардык ысымдарыңдан жогору койдуң.

3 Сени чакырган күнү мени угуп, жаныма сергектик бердиң.

4 Теңирим, жер жүзүндөгү бардык падышалар Сенин оозуңдан чыккан сөздөрдү укканда, Сени даңкташат.

5 Алар Теңирдин жолдору жөнүндө ырдашат, анткени Теңирдин даңкы зор.

6 Теңир жогоруда болсо да, момунду көрүп турат, текеберди алыстан тааныйт.

7 Эгерде башыма мүшкүл түшсө, Сен мени тирилтесиң, колуңду душмандарымдын каарына каршы сунасың, Сенин оң колуң мени сактап калат.

8 Теңир мен үчүн бардыгын жүзөгө ашырат! Сенин ырайымың түбөлүктүү, Теңирим, Өз колдоруң кылган иштерди таштаба.