Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 109 Бөлүм

тез өтүү:

1 Дөөттүн забуру. Теңир менин Теңириме: «Мен Сенин душмандарыңды бут алдыңа жыкканга чейин, Менин оң жагыма отур», – деди.

2 Теңир Сенин күчүңдүн таягын Сиондон жиберет: Өз душмандарыңдын арасында бийлик жүргүз.

3 Сен жеңген күнү элиң ыйык кийим кийип, даяр турушат. Сенин уулдарың таң ата электе эле түшкөн шүүдүрүмдөй болуп, Сага келишет.

4 Теңир ант берген, аны өзгөртпөйт: Сен Малки-Седек даражасындагы түбөлүктүү ыйык кызмат кылуучусуң.

5 Теңир Сенин оң жагыңда. Ал Өз каарын төккөн күнү падышаларды өлтүрөт.

6 Бүт элдерди соттойт, жер бетин өлүккө толтурат, кенен жерде душмандардын баштарын талкалайт.

7 Жолдо шар аккан суудан ичет, ошондуктан башын жогору көтөрөт.