Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 121 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Дөөттүкү. «Жүр, Теңирдин үйүнө барабыз», – дешкенде, сүйүнүп кеттим.

2 Иерусалим, биздин буттарыбыз сенин дарбазаңдын алдында турат,

3 Иерусалим, сен бир бүтүн шаар болуп курулгансың.

4 Ал шаарга уруулар, Теңирдин уруулары киришет. Алар Ысрайыл мыйзамы боюнча Теңирдин ысымын даңазалаганы киришет.

5 Ал шаарда сот тактылары, Дөөт тукумунун тактылары турат.

6 Иерусалимге тынчтык сурагыла, сени сүйгөндөр бейпил өмүр сүрүшсүн!

7 Сенин дубалдарыңда тынчтык, үйлөрүңдө бейпилчилик болсун!

8 Өзүмдүн бир туугандарым менен жакындарым үчүн айтып жатам: «Сага тынчтык каалайм!»

9 Кудай-Теңирибиздин үйү үчүн сага жыргалчылык каалайм.