Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 122 Бөлүм

тез өтүү:

1 Табынуу үчүн бара жаткандагы ыр. Асманда жашаган Кудай, көзүм Сенде!

2 Кулдардын көздөрү мырзаларынын колдорун карагандай, күңдөрдүн көздөрү мырзайымдарынын колдорун карагандай, Кудай-Теңирибиз бизге качан ырайым кылат деп, биздин көзүбүз да Аны карап турат.

3 Бизге ырайым кыл, Теңир, бизге ырайым кыл, анткени жетишерлик эле жек көрүндү болдук.

4 Менменсингендердин шылдыңы, текеберлердин кордугу жаныбызга батты.