Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 147 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңирди макта, Иерусалим; Кудайыңды макта, Сион.

2 Анткени Ал сенин дарбазаларыңдын бекиткичтерин бекемдейт, сенин ичиңдеги уулдарыңа батасын берет.

3 Сенин жериңе тынчтык орнотот. Сени дандуу буудайга тойгузат.

4 Өз сөзүн жерге жөнөтөт. Анын сөзү тез тарайт.

5 Жүнгө окшогон кар жаадырат, күлгө окшогон бубак себет.

6 Өз мөндүрүн бүртүк-бүртүк кылып жаадырат, Анын аязына ким чыдай алат?

7 Өз сөзүн жөнөткөндө, бардыгы эрийт. Шамалын айдаганда, суулар агат.

8 Ал Өз сөзүн Жакыпка, Өз көрсөтмөлөрү менен мыйзамдарын Ысрайылга жарыя кылды.

9 Ал башка эч бир элге мындай кылган жок, алар Анын мыйзамдарын билишпейт. Теңирди даңктагыла!