Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 82 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыр. Асаптын забуру.

2 Кудай! Унчукпай тура бербе, сүйлөбөй тура бербе, Кудайым, тынч тура бербе!

3 Анткени душмандарың чурулдап жатышат, Сени жек көргөндөр баштарын көтөрүштү.

4 Сенин элиңе каршы жамандык издеп жатышат, Өзүң сактагандарга каршы кеңешип жатышат.

5 Алар: «Барып, аларды кырып салалы, Ысрайыл деген ысым мындан кийин эске алынгыс болсун», – деп айтышты.

6 Өз ара бир добуштан макулдашып, Сага каршы келишим түзүштү:

7 эдомдуктар менен ысмайылдыктар, мааптыктар менен агрылыктар,

8 Гебал, Амон, Амалык, Пелишти тургундары Тирдин тургундары менен келишим түзүштү.

9 Ашур эли да аларга кошулду. Алар Лот уулдарына күч беришти.

10 Мидианга, Сисрага жана Кишон суусунун жээгинде Жабинге кандай кылсаң, аларга да ошондой кыл.

11 Алар Эйен-Дордо кырылып, жерге төгүлгөн кык болуп калышкан.

12 Орейип менен Зейепке кандай кылсаң, аларга жана алардын төрөлөрүнө да ошондой кыл; Зебак менен Салмунга кандай кылсаң, алардын башчыларына да ошондой кыл.

13 Алар: «Кудайдын элин басып алабыз», – дешкен.

14 Кудайым! Алар куюн учурган топурактай, шамал учурган самандай болушсун.

15 От токойду өрттөгөндөй, жалын тоолорду жалмагандай,

16 Сен да аларды бороонуң менен куу, куюнуң менен дүрбөлөңгө сал.

17 Аларды уятка калтыр, алар Сенин ысымыңды издешсин, Теңирим!

18 Түбөлүккө уятка калышсын, коркуп калышсын, шылдың болушсун, кырылышсын.

19 Бир гана Сенин ысымың Жахаба экенин, жер үстүндөгү бардыгынан жогору турган Кудай Сен экениңди билишсин.