Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 61 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жедутундуку боюнча. Ырчылар тобунун башчысына. Дөөттүн забуру.

2 Менин жаным Кудайдан гана тынчтык табат. Мени Ал гана куткарат.

3 Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.

4 Качанкыга чейин жалгыз адамды куугунтуктай бересиңер? Баарыңар урайын деп калган дубалга, кыйшайып калган тосмого окшоп жерге кулайсыңар.

5 Алар аны тактыдан кулатууну ойлоп, жалаа жабышты. Алар оозу менен бата беришет, бирок жүрөгүндө каргашат.

6 Жаным, Кудайдан гана тынчтык тап! Анткени мен бир гана Андан үмүт кылам.

7 Бир гана Ал менин чебим, куткаруучум, тирегим, ошондуктан мен жыгылбайм.

8 Менин куткарылуум да, даңкым да Кудай. Менин бекем чебим да, баш калкалар жайым да Кудай.

9 Адамдар! Ар убакта Кудайдан үмүттөнгүлө. Жүрөгүңөрдөгүнү Анын алдына төккүлө, анткени Кудай биздин баш калкалар жайыбыз.

10 Адам уулдары – болгону, жел; атактуу адамдар – закым. Эгерде аларды таразага тартса, баары биригип желден жеңил.

11 Талоончулукка таянбагыла, уурдап алганыңар менен менменсинбегиле. Байлыгыңар көбөйгөн сайын, жүрөгүңөр байлыкка байланбасын.

12 Кудай мага бир жолу айтты, мен эки нерсени: күч Кудайда экенин,

13 ырайым да Сенде экенин уктум, Теңир, анткени Сен ар бир адамга ишине жараша тиешелүүсүн бересиң.