Забур | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Забур 81 Бөлүм

тез өтүү:

1 Асаптын забуру. Кудай кудайлардын арасында турду. Ал кудайлардын арасында Өз өкүмүн билдирди.

2 «Качанга чейин силер адилетсиз сот жүргүзө бересиңер? Качанга чейин кудайсыздарды жактай бересиңер?

3 Жакыр менен жетимге туура өкүм чыгаргыла, эзилгенге жана жардыга адилеттик кылгыла.

4 Жарды менен жакырды куткаргыла, аларды кудайсыздардын колунан бошоткула.

5 Алар билишпейт, түшүнүшпөйт, караңгылыкта жүрүшөт. Ошондуктан жердин негизи титиреп жатат.

6 Мен айттым: “Силер кудайларсыңар, баарыңар бардыгынан жогору турган Кудайдын уулдарысыңар.

7 Бирок силер бардык адамдардай эле өлөсүңөр, бардык төрөлөрдөй эле кулайсыңар”».

8 Ордуңдан тур, Кудай, жерди сотто, анткени Сен бардык элди мурастап аласың.